• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочу жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июнда болжол менен саат 18:12лер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 389-чакырымында “Лексус-330” унаасы “Форд фокус” жана токтоп турган “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаалар менен калыгышкан.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, кырсыктан жабыркаган “Форд Фокус” унаасынын айдоочусу 1956-жылы туулган А.М. жардам көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий