• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Көл шаарынын аймагында 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Кара-Көл шаарынын аймагында 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык милиция бөлүмүнүн демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык автивдердин, айыл тургундарынын катышуусунда "Кара-Куурай" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды жасоонун, сатуунун, колдонуунун алдын алуу жана болтурбоо болуп эсептелет.

Иш-чара учурунда Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү, Камбар-Ата жана Көк-Бел айылынын талааларында өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, жалпысынан 4 гектар жерден 6 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий