• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Көл шаарынын мэри алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Балташов Алмазбек Шүкүралиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конкобаев Талайбек Тажиматович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий