• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Көл жана Ноокен милициясы эл менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кетмен-Төбө жергесинде эл менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элдик жыйынга ШИИБдин, мэрия, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда милициянын өткөн жыл ичинде аткарган жумуштары боюнча баяндама жасалды. Жеринде жарандар менен суроо-жооптор болуп, көйгөйлүү маселелер ортого салынды. Жалпылап алганда жергиликтүү тургундар милициянын аткарган жумуштарына оң баасын беришти.

Ал эми Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жалпы билим берүү мекемелеринде профилактикалык иштерди алып барышты.

Жыйындарга РИИБдин жетекчилиги, прокуратура, билим берүү бөлүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, дин өкүлдөрү жана ата-энелер катышты.

Милиция тарабынан өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуулардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий