• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Көлдө 2 унаа кагылышып, жүргүнчүлөр жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.10. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 427-чакырымында "Хонда-Степ" жана "Тойота Камри" үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык кечээ, 12-майда болжол менен саат 8:30да катталган.

Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасындагы 2 жүргүнчү жабыркап, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

"Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №94 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий