• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Көлдө каракчылык менен алектенген үч жигит кармалды – милиция

Коом 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында каракчылык менен алектенген үч жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

7-апрель күнү Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалгандыгын билдирген.

Арызында кылмышкерлер "Субару" үлгүсүндөгү унаа менен жабырлануучунун машинасын кысып, тапанча менен коркутушуп, 2000 сом акчасын тартып алышкан.

Бул кылмышка шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургундары, 22 жаштагы А. К. жана 21 жаштагы О. Д. аттуу кармалды. Үчүнчү шектүү катары 18 жашка толо элек А. Б. кармалды.

Ошондой эле, "Субару-Легаси" үлгүсүндөгү машинада оюнчук тапанча, бир нече бычак, акча жана документтер табылган.

"Каракчылык" беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий