• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Көлдө мал уурдоого шектелип кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кара-Көлдө мал уурдоого шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-24-сентябрь күндөрү Кара-Кѳл шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургундары К.З., К.А., А.К., М.Г. аттуу жарандар арыз менен кайрылышкан. Алар 14-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта түнкү убакыттарда үйлөрүнүн короолорунан белгисиз кылмышкерлер эчкилерин уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпы 20 эчки уурдалып, келтирилген чыгым 150 миң сомго жакын сумманы түзгөн.

Жогорудагы фактылар Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Кара-Көл ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 25-сентябрда Кара-Көл шаарынын тургундары 23 жаштагы Т.М., 19 жаштагы А.Б, 16 жаштагы Ж.Н. жана А.З. кармалган. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары А.Б. 1 айга камакка алынса, ал эми калгандары үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий