• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кара-Көлдө түнү көчөдө жүргөн 12 өспүрүм кармалды. "Түнкү өспүрүм” рейди жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-15-октябрь күндөрү Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түнкү рейд учурунда коомдук жайларда жалгыз жүргөн өспүрүмдөр текшерилди. Рейддин жыйынтыгында 22:00дөн кийин коомдук жайларда жүргөн 12 өспүрүм аныкталып, материалдар шаардык мэриянын балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

"Мындан сырткары, 14-октябрь күнү Д.Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебинде Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги, шаардын мэринин катышуусунда ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда жашы жете электер арасындагы суициддин, топтошуп коомдук тартип бузуулардын, кылмыштуулуктун, жашы жете электерге карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз калтырбоого жана татыктуу тарбия берүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий