• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Көлдө жарандын унаасын сатып алам деп алдап кеткен шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жарандын унаасын сатып алам деп алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында Кара-Көл шаарынын М.К. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ошол жылдын 19-октябрында Алтын аттуу жаран жабырлануучунун “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын 550 миң сомго сатып алып, сатып алган учурда 100 миң сом накталай берип, калган 450 миң сомун бир айдын ичинде толугу менен төлөй турганын айтып, тил кат жазып убада берген бойдон качып жүргөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө учурунда шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 41 жаштагы А.Р. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал жүргөн жерин жашырып тергөөгө келбей качып жүргөндүктөн, тергөө кызматы тарабынан издөө жарыяланган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында А.Р. 2021-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий