• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Көлдө жаштарга эрте никеге туруу, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери атайын жана орто окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга мэрия, билим берүү, социалдык өнүгүү, саламаттык сактоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, шаардын имамы жана жаштар катышты.

Жаштар менен болгон жолугушууда топтошуп мушташуулардын, суициддин, эрте никеге туруунун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адам өмүрүнө зыян келтирүүчү заттар жана алардын терс таасирлери боюнча маалыматтар берилди. Баңгизаттарды колдонбоо керектиги жана анын мыйзам чегиндеги жоопкерчиликтери айтылды.

Ошондой эле диний экстремизм, терроризмге байланыштуу талкуулар орун алып, жаштардын бир катар кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий