• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары 3,7 млн сомду кымырып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Жалал-Абадда Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары 3,7 млн сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарын кыянатчылык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун 392-396-чакырымында жолго асфальт төшөө жумуштарын аткарууда долбоорлоо-сметалык документтерде көрсөтүлгөн суммадан 3 млн 714 миң 582 сомго ашыкча жумуш аткарылгандыгы тууралуу актыларды жасалмалашып, акча каражаттарын өзүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми Жол чарба департаментинин №6 аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү түрдө текшерилбей туруп аткарылган жумуштардын актылары кабыл алынып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий