• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Кече көмүр кенинде 20 видеокамера орнотулган

Коом 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кече кенинде 20 видеокамера орнотту. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Ишканадан билдиришкендей, алар аркылуу Кара-Кече филиалынын жетекчилери менен инженердик-техникалык адистери видео конференцияларды уюштура алышат.

"Эми тилкедеги бардык кыймыл-аракетке көзөмөл жүргүзүүгө болот. Бул өз кезегинде өндүрүш маселелерин ыкчам чечүүгө, натыйжалуу башкарууга жана өндүрүштү жөнгө салууга өбөлгө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий