• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кара-Кече көмүр кенинде өрт чыкты - видео

Кырсык 0


Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агентттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 08:20да бир бөлүм тартылган. Контейнерден чыккан өрт саат 10:05те чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий