• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Кече жолунда КамАЗ жардан кулап, айдоочу каза болду – видео

Аймак 0


Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрь күнү Кара-Кече көмүр кенинен кеткен жолдо эки КамАЗ кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр салып бара жаткан КамАЗдын бири алдында бара жаткан жүк ташуучу унааны сүзүп, капталга оодарылып, жардан кулап кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, артта бара жаткан айдоочу унааны башкара албай калган.

Жол кырсыгынан 45 жаштагы айдоочу каза болуп, бир жүргүнчү аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий