• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Кечеде кесек көмүрдү берүү 27-декабрдан баштап токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кара-Кечеде кесек көмүрдү берүү 27-декабрдан баштап токтотулат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ишкананын билдирүүсүнө караганда, ЖЭБке көмүр токтоосуз негизде берилет.

"Кесек көмүр 2022-жылдын 10-январынан баштап кайрадан бериле баштайт. Ага чейин көмүрдүн жаңы катмарын ачуу жана тазалаоо иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, быйыл 2021-жылы 4 айдын ичинде (сентябрь-декабрь) жарым миллион тонна көмүр казылып чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий