• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Кечеде кызматкерлер коронавирус эмес, сасык тумоо менен ооруган — "Кыргызкөмүр" ишканасы

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Кара-Кечеде кызматкерлер коронавирус эмес, сасык тумоо менен ооруган, алар дарыланууга кетишти. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасынан билдиришти.

Жакында эле интернетте Кара-Кечеде жумушчулар коронавирус менен ооруп калды деген маалымат тарап кеткен. Буга байланыштуу “Кыргызкөмүр” ишканасы атайын чараларды көрүп, абалды жөнгө салды.

“Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан жумушчуларга жана медиктерге атайын унаа бөлүнүп, жумушчулар экспресс-тест тапшырышкан. Жыйынтыгында сасык тумоо менен ооруганы белгилүү болду. 1-ноябрдан баштап мурдагы жумушчулар менен байланышта болбогон жаңы кызматкерлер келишти.

"Кара-Кечеде жумуш штаттык режимде жүрүп атат. Жетекчилик тараптан 30унан 31-октябрга караган күнү бир жарым суткага жумуш токтотулган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлүнүн кызматкерлери акыркы күндөрү иштеген жумушчулардан анализ алышты. Кара-Кечедеги техникалар жана адам көп жүрүүчү жайлар дезинфекциядан өттү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий