• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Кечеде он күндүн ичинде убактылуу жол салынат

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Кара-Кечеде көмүр казып алынуучу тилкеге бара жаткан жолдо таш кулап, жол жабылып калгандыгына байланыштуу ал жакта он күндүн ичинде убактылуу жол салынат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ишканадан билдиришкендей, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага транспорт министринин орун басары Талант Солтобаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департментинин директору Анаркул Айталиев, Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарбачылыгы департаментинин орун басары, Жумгал районунун акими, "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевдер кирген. Учурда алар Кара-Кечеде жүрүшөт.

"Оор жүк ташуучу техникалардын өтүүсүнө шарт түзүү, электр энергиясынын чубалгыларын калыбына келтирүү жана жолду тазалоо боюнча план түзүлдү. Алдын ала маалымат боюнча ал жакта 10 күндүн ичинде убактылуу жаңы жол салынат. Ошондой эле коопсуз жол салуу боюнча иштер жүрөт", - деп билдирет ишкана.

Пикир

Оставить комментарий