• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Кечедеги иш штаттык режимде жүрүп жатат, көмүр Бишкекке 3 миң сомдон жеткирилүүдө – “Кыргызкөмүр”

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Азыркы учурда Кара-Кечедеги иштер штаттык режимде жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3 миң сомдук көмүр түгөндү жана мындан ары берилбейт деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Азыркы тапта көмүрдү 3 миң сомдон сатып алууну каалагандар абдан көп, Кечээ Бишкекке 317 тонна көмүр алып келинди. Президенттин администрациясынан борборго алынып келинген көмүрдү отун базаларына чогултуп, көбүрөөк чогулганда, тагыраагы 1-2 күндүн ичинде сатыкка чыгарарын билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы жолу алынып келинген 200-300 тонна сатыкка чыгып, тез эле сатылып кеткен, мында дагы көптөгөн тургундарга жетпей калбасын деп ушундай чечим кабыл алынганы белгиленет.

“Бүгүн Кара-Кечеден Бишкекке 707 тонна көмүр жүктөлгөн унаа жолго чыккан”, - деп билдирди ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий