• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кара-Кечедеги өрт толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында контейнерден чыккан өрт саат 11:12де толугу менен өчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Айрым маалыматтарга ылайык, контейнерде документтер болгон.

Пикир

Оставить комментарий