• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Кечедеги жер көчкүдөн каза болгондор жок — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда Кара-Кечедеги жер көчкүнүн кесепетинен жараат алгандар жана жабыркагандар бар деген маалымат тарады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан «Кабар» агенттигине билдиришкендей, Нарын облусунун Дыйкан - Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымындагы жер көчкүдөн каза болгондор жок.

Эске сала кетсек, кечээ, 14-сентябрда Нарында "Дыйкан – Кара-Кече" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрүп, жолду тосуп калган. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды.

Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң м3 таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн.

Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий