• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кара-Кечеден 50-60 унаа көмүр жүктөлүп чыкты, кесимде 100 тонна бар

Аймак 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кесиминде көмүр ташуу иши кызуу башталды. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын көмүр кесиминин башчысы Тыналы Карымшаков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүн, 1-августта саат 16:00гө чейин 60ка чукул унаа жүктөлүп чыгарылган.

"Көмүр ишканасы учурда күнү-түнү тынымсыз 24 саат иштеп жатат. Бизде азыр 250 жумушчу ишке чыккан жана 50 хобо, 25 эксковатор, 8 жүктөгүч, 3 бульдозер ишке тартылган. Эртеден бери 60ка чукул унаа көмүр тартып чыкты, азыр кесимде дагы 100 тонна даяр көмүр отуну бар. Калкка көмүр отуну тынымсыз тартылууда. Кезек күтүү жок. Ал эми бюджеттик мекемелерге көмүрдү 15-августтан баштап тендерлери даяр болсо тарта баштайбыз. Быйыл кышта көмүр тартыштыгы болбойт деп ишендирем", - дейт Карымшаков.

Пикир

Оставить комментарий