• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«Кара-Кечеден» көмүр уурдоо фактысы аныкталып, директору менен эсепчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. «Кара-Кече» кенинен көмүр уурдоо боюнча "Кырызкөмүр" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК КР Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында көмүрдү өндүрүүнүн көлөмүн аз көрсөтүү менен көмүрдү уурдоо коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги пайда көрүү максатында «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталды. Кийинчерээк чийки заттар көзөмөлдөгү компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөр, анын ичинде Бишкектеги ЖЭБге сатылган.

Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 млн. сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган.

2021-жылдын 03-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору «А.К.Ы.» жана «Кара-Кече» филиалынын бухгалтери «Д.Р.Э.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий