• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Коюн жайлоосунда россиялык турист 8 саатка дайынсыз жоголгон - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Коюн жайлоосунда Россиядан келген турист жоголгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургдан 8 турист жайлоого эс алганы келишкен.

3-июлда болжол менен саат 16:30да куткаруучуларга эс алып жүргөн жеринен 1966-жылкы М.Пригожина аттуу аял жоголуп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине ӨКМдин 5 куткаруучусу жана милициянын 8 кызматкери барышкан. Россиянын жараны түнкү саат 23:20да аман-эсеп табылган.

Пикир

Оставить комментарий