• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Кулжа районунда мал уурулукка шектелип эки адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Кара-Кулжа районунда мал уурулук кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-мартында Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын 58 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 5-мартта өзүнө таандык бир баш сары кашка 6 жашар бээсин жайыт талаасынан уурдатып жибергендигин билдирген.

Аталган факт Кара-Кулжа райондук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуяга түздөн-түз тиешеси бар болгон мурда бир нече жолу мал уурулук фактысы боюн кылмыш жоопкерчилигине тартылган Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Токбай-Талаа айылынын 30 жаштагы тургуну Ж у. Э аттуу кармалып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сурактын жүрүшүндө шектүү Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылынан 1 баш жылкы уурдагандыгы маалым болгон. Аталган экинчи факты боюнча Кара-Кулжа РИИБдин КЖБРне катталган. Ошондой эле шектүүгө Өзгөн районунун Куршаб айылынын 27 жаштагы Т. к. А (аял киши) тургуну жардам бергендиги ачыкталган.

Учурда экинчи шектүү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий