Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык райондун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаевдин демилгеси менен жардамга муктаж жана үй шарты начар болгон 7 үй-бүлөгө 2 миң сомдон акчалай жардам берилди.
Кайрымдуулук иш-чарасы хатибият тарабынан каржыланып, жалпысынан 14 миң сом сарпталды.
Пикир
Оставить комментарий