• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, 25 турак үйдүн короосун каптады

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү, деп билдирет Өзгөчө крдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Такталган маалымат боюнча, саат 27-майда 20:15 чамасында Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган.

Ошондой эле Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып, 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар жок.

"Бүгүн жерине сууларды сордурууга Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий