• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кара-Кулжада Honda Stepwgn оодарылып кетти, айдоочусу оор абалда

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Кара-Кулжа районунда Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, натыйжада машина жолдон чыгып оодарылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 28-февралга караган күнү саат 00:44 чамасында Кара-Кулжа айылынын Калматаев көчөсүндө болгон.

Кырсыктын кесепетинен айдоочусу эркек киши оор жаракат алган.

ӨКМдин куткаруучулары кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий