• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Кулжада Hyundai Porter унаасы сууга түшүп кеткен. 3 жүргүнчүсү дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Кара-Кулжада Hyundai Porter унаасы сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында Асыран Бий көпүрөсүнөн Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. аттуу айдоочуну жана 2008-жылы туулган А.К. аттуу жаранды куткарып калган, ал эми 1984-жылы тууган М.З., 2017-жылы туулган А.Ф. жана 1993-жылы туулган М.Э. аттуу жүргүнчүлөр дайынсыз болууда.

Учурда 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий