• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Кулжада ишин жандандырган ишканалардын санитардык норманын эрежелерин аткаруусу текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда ишин жандандырган ишканалардын санитардык норманын эрежелерин аткаруусу текшерилүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаалдар режимине байланыштуу, Кара-Кулжа районунун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Санитардык-эпидемиологиялык станциясынын (СЭС), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ), Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ҮДБ), жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларга, мекеме ишканаларга, базар, банктар, дүкөндөр, соода борборлоруна атайын рейддерди уюштуруп, ишин жандандырган ишканалардын санитардык норманын эрежелеринин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп, илдеттин таркап кетүүсүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Мындан сырткары райондун аймагында обсервацияларда санитардык-карантиндик эрежелердин так сакталышына көзөмөл жүргүзүшүүдө. Ошондой эле үй карантинине алынган жарандарга санитардык эрежелерди бузган болсо, жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскерткен талап баракчалары таркатылууда.

Кара-Кулжа районунун аймагында коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту ошондой эле жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ар күнү саат 19:00дөн 06:00гө чейин жылып жүрүүчү (авто патруль), 8 кызматкерден турган 2 экипаж, кызматтык авто унаалар менен Кара-Кулжа районунун аймактарында кыдыруу уюштурулуп, жергиликтүү эл арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий