• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Кулжада мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында спорттук иш-чара уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун бийлиги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында спортчук иш-чара уюштурушту.

Алсак, Ош жана Жалал-Абад облусунда майыптуулугу бар адамдар үчүн футбол боюнча турнир өткөн. Иш-чарага жергиликтүү айыл-чарба кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлдөрү катышкан.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын жетекчилиги байке фонду катары 10 миң сом бөлгөн.

Футбол боюнча өткөн турнирде 1-орунду Кара-Кулжанын курамасы утуп, турнирдин кубогуна ээ болду. 2-орун Өзгөн, 3-Ош шаарынын курамасына берилген.

Жеңүүчүлөр ардак грамота, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий