• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Кулжада мектеп толугу менен күйүп кеткен. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мектеп толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-февралында саат 23:50 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын Коо-Чаты айылында жайгашкан Сагындык атындагы орто мектебинен өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен мектептин болжол менен 500 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 1 бөлүм жана авариялык куткаруу унаасы менен 10 куткаруучу тартылган. Жолдун татаалдыгына жана алыстыгына байланыштуу өрт өчүрүүчүлөр 18-февралдын таңы саат 07:40 минутада айтылган дарекке жетишкен. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 07:45те чектөөгө алынып, саат 07:55те толук өчүрүлгөн.

Каза болгон жана жабыркаган адамдар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий