• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Кулжада милиция кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, өзгөчө кырдаал режими киргизилген аймактарда инфекциянын алдын алуу боюнча активдуү иштердин жүргүзүлүшү улантылууда.

"Милиция кызматкерлери райондогу айыл аймактарды кыдырып, калк арасында санитардык-гигиеналык коопсуздук сактоо боюнча эрежелерди түшүндүрүүдө. Өздүк курам коомдук укук тартипти касыздоодо толугу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында жана Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, анда күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөөдө", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, райондун борборунда коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында жөө жана унаа менен кайгулдоо уюштурулууда.

"Ошондой эле Кара-Кулжа районун башка айыл аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен 19 айылдын ичинде жергиликтүү
тургундардан куралган 80ден ашуун фильтрациялык пост орнотулду. Милиция кызматкерлери тарабынан кайтарыла турган обсервациялык пункт
алдын ала даярдалды", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий