• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Кулжада жаңы мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылында «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган «Абдирай ата» мечити пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев, Кыргызстан ислам университетенин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, «Исар» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Алтынбек Кудайбергенов жана дин аалымдары катышты.

«Курулуш иштери 2020-жылы башталып, 2021-жылдын 30-сентябрында бүткөрүлдү. Курулуш иштерине жана мечиттин салынышына салым кошкондого ыраазычылык билдирем», - деди КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Мечит заманбап салынып, жарандар үчүн бардык шарттар эске алынган. Ал эми айыл тургундары КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин элибиздин руханий жан дүйнөсүн байытууга кошкон салымы үчүн «Mazda Tribute» үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты.

Пикир

Оставить комментарий