• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Кулжада жер көчкү козголуп, айыл менен борборду байланыштырган жол үзгүлтүккө учурады

Аймак 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жер көчкү козголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагындагы Токбай-Талаа – Буйга жолунда 10-15 сантиметрге чейин жер көчкү жаракалары пайда болуп, жол чөккөндүгү жөнүндө кабарланган.

ӨКМ кызматкерлери тарабынан активдешкен жер көчкүдө изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада узундугу 150 м, аралыгы 1 метрден 2 метрге чейин жол чөккөн. Ошондой эле жолдун өзүндө, тоо беттеринде көптөгөн жер жаракалары пайда болгону аныкталган. Буйга айылын электр энергиясы менен камсыз кылуучу 3 мамыча жер көчкү нугунда жайгашып, көчкү басып калуу абалда калган. Мындан улам Чалма айыл аймагынын Буйга, Беш-Кемпир айылдарындагы 276 кожолукту тактап айтканда, 1727 жаранды борбор менен байланыштырган жол каттамы үзгүлтүккө учурады.

Буга байланыштуу райондук милиция кызматкерлери тарабынан пост уюштурулуп, тургундарга жолдун абалы, жолго чыкпоо боюнча кабар таркатылган. Мындан сырткары, жолду калыбына келтирүү, 3 электр мамычасын жылдыруу боюнча тапшырмалар тиешелүү тармактарга берилди.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий