• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Кулжадагы катуу шамал: 5 жаштагы кызды талдын шагы басып калды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Карагус айыл аймагында катуу шамал катталды.

ӨКМден кабарлашкандай, кечээ, 23-майда болжол менен саат 19:50 чамасында катталган шамал Жаңы-Талаа айылында 15 турак үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учурган.

“Андан сырткары 5 жаштагы А. кызы Ы. талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген, абалы жакшы”,-деп айтылат маалыматта.

КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерде маалыматты тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий