• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара куурай алып өтүүгө аракет кылган №1 мекеменин медицина-санитардык бөлүктүн жетекчиси кармалды

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. №1 мекеменин медицина-санитардык бөлүктүн жетекчисинен кара куурай табылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Аталган кызматтан билдиришкендей, бүгүн эртең менен саат 09:50дө №1 мекеменин көзөмөл өткөрмө пунктунда №1 мекеменин медицина-санитардык бөлүктүн жетекчисинин баштыгын текшерүү учурунда кара куурайдын жыты бар, жашыл түстөгү, болжолдуу салмагы 2 кг 975 грамм болгон зат табылган.

Бул учур маалыматтарды каттоо күндөлүгүндө каттоого алынып, учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий