• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Суу көлү балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен чыгарылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Балык чарбасы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кенешинин депутаттары Осмонбек Артыкбаев, Карамат Орозова, Абдувахаб Нурбаев, Абдыкарап Султанов, Рада Туманбаева, Эмил Токтошев, Жунус улуу Алтынбек.

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары алмазбек Акматов баяндама жасады.

Мыйзам долбоору Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу максатында иштелип чыккан. Мындай демилге Кара-Суу көлүндөгү жылаңач осман балыгы сындуу мурдатан эле байырлап келген балык түрлөрүн сактап калуу, бул аймакка туристтердин келишин шарттоо, бул өрөөнгө жергиликтүүү элдин жайлоого чыгуусун камсыздоого багытталган. Маалыматка ылайык, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы токтому менен Токтогул районундагы аянты 56826,4 га түзгөн “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлгөн. Аталган Кара-Суу көлү анын курамына кирет. Бирок Кара-Суу көлү балык чарбасын ишке ашыруу максатында “Табият КГ” ЖЧКсына берилген.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий