• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Суу райондук аймактык ооруканасы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Кара-Суу райондук аймактык ооруканасын текшерди, деп билдирет өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда ооруканын төрөт бөлүмүндө операция жасалган бейтаптан наркоз үчүн дарыгер акча алганы аныкталды. Данияр Жаныкулов наркоз үчүн акча алган дарыгерге эскертүү берип, бейтаптын акчасы кайра кайтарылды.

Ошондой эле, Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын ашканасы, оорукана аймагында иш жүргүзүп жаткан дарыканалар текшерилди.

Пикир

Оставить комментарий