• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кара-Суу райондук прокуратурасы мектепти курууда 24 млн ашуун сомго зыян келтирилгендигин аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө мамлекетке 24 млн 209 миң 93,86 сомдук зыян келтирилгендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу «Акмат Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго келишимдер түзүлгөн жана 2019-жылдын 5-сентябрында мектеп пайдаланууга берилген.

"Бирок райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды (наркын) жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен райондук прокуратуранын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир

Оставить комментарий