• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Суу району калк жыш жайгашкан аймак болгондуктан өзгөчө абал киргизилет - Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Кара-Суу району калк жыш жайгашкан аймак болгондуктан өзгөчө абал киргизилет. Бул тууралуу КРнын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Алмазбек Орозалиев журналисттердин "Эмнеге коронавирус катталбаган Кара-Суу районунда өзгөчө абал киргизилип жатат" деген суроосуна жооп берди.

"Кара-Суу району калк жыш жайгашкан аймак болгондуктан биз ал жакта да коронавирус пайда болуусун алдын алып жатабыз. Райондо 400 миңден ашык адам жашайт", - дейт ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий