• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Суу районунда 14 жаштагы өспүрүм асынып алды

Кырсык 0

Ош, 24.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 14 жаштагы өспүрүм асынып алган. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган 14 жаштагы бала К.С., 23-январда өз үйүндө асынып алган. Баланын ата-энеси Россия Федерациясында иштеп жүрүшөт.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда окуянын эмне себептен болгондугу такталууда. Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий