• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суу районунда 152 үй-бүлө үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Кара-Суу районунда 152 үй-бүлө үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эшме айылында жесир жана көп балалуу жалгыз бой энелер үчүн салына турган жаңы социалдык шаарчанын курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин төрагасы Мухаммад Альшай катышты.

Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып жаткан социалдык шаарчага 4 батирлүү 25 үй, ФАП, тигүү цехи, дүкөн, футбол аянтчасы, нан жабуучу жай жана мечит курулат.

Аталган шаарча 2022-жылдын май айында пайдаланууга берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий