• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Суу районунда 32 жаштагы келин асынып алды

Кырсык 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кара-Суу районунда төрт баланын энеси асынып алды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 22-апрелде болжол менен саат 13:10дор чамасында Кара-Суу райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып алгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барган.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 22-апрелинде саат 12:30дар чамасында Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын 32 жаштагы С.К. аттуу тургуну гаражда жоолук менен асынып алгандыгы аныкталган.

Маркумдун 33 жаштагы Ж.К. аттуу жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз-доолору жок экендигин айтып, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Маркум Кара-Суу районунда туулган, үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын энеси, убактылуу эч жерге иштечү эмес.

Пикир

Оставить комментарий