• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Суу районунда борбордук мечит курулуп баштады

Аймак 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда Кара-Суу районунун “Достук” борбордук мечитинин жанына заманбап райондук борбордук мечитти куруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев, КРнын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясынын Президенти Саид Баюми, Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков жана райондун аймагынан келген жашоочулар катышышты.

Мечиттин курулушун баштоо аземи жума намазын окуп дуба кылуу менен башталды. Келген коноктор жалпы элди ыйык рамазан айы менен жана жаңы заманбап мечитти баштоо аземи менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу райондук борбордук мечитин жаңылап заманбап куруу демилгеси КРнын ички иштер министринин орун басары генерал-майор Курсан Асанов тарабынан көтөрүлүп, Сауд Аравиялык демөөрчүлөрдүн колдоосунда Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясы тарабынан курулуп жаткандыгы белгилүү болду.

Курулуштун долбооруна ылайык, борбордук мечит эки кабаттуу болуп узуну 43, туурасы 30 метрди түзүп, 1290 чарчы метр аянтка курулууда. Мечиттин бардык дубалдары атайын мрамор таштар менен кооздолуп, мечитин жанына медресе, хатибияттын заманбап кеңсеси, чайхана жана дүкөн да курулмакчы.


Эскерте кетсек, аталган мечиттин курулушун кийинки жылдагы рамазан айына бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий