• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Суу районунда кайырчылык менен алектенген 9 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кара-Суу районунда кайырчылык менен алектенген 9 бала аныкталды, - деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өткөрүлүп жаткан рейддин негизги максаты тилемчилик менен күн өткөрүп жаткан өспүрүмдөрдүн тилемчилик кылууга эмне түрткү болгон жагдайларын аныктоо, жашоо-шарттарын иликтеп, мамлекет тарабынан муктаж болгон өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү. Ал эми кээ бир жарандар жашоосу жакшы болсо да тилемчилик менен жан багууну кесип кылып алгандыгын аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

"Жогорудагы аныкталган өспүрүмдөрдү Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткиришкен. Өздүгүн аныктоо боюнча териштирүүдө чындап жардамга муктаж экендиктери, ошондой эле балдардын өздүгүн тастыктаган күбөлүгү жок экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун айыл өкмөттүн тактамасы менен мыйзамдуу өкүлдөрүнө тапшырылышты. Бул багыттагы иш-чаралар Ош облусунун бардык райондорунда уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий