• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Суу районунда мыйзам бузуулар менен иштеген унаа жуучу жайга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/.Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Махала айылында жайгашкан унаа жуучу жайга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан (Мамэкотехинспекция) билдиришти.

Текшерүү Мамэкотехинспекциясынын Кара-Суу району боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кара-Суу райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын катынын негизинде жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа жуучу жайдын ээси атайын суу пайдалануу эрежелерин жана гидротехникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн текшерүү актысы жазылып, бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, КР “Бузуулар кодексинин” 179 беренесинин негизинде айыппул салынып, мүчүлүштүктөрдү жоюу туурасында эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий