• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суу районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-январь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери мурда бир нече жолу уурулук фактысы менен соттолгон Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын 27 жаштагы К у С. аттуу тургунун, анын 16 жаштагы 2 шериги менен бирге кармашты. Алар үйлөргө кирип, уурулук жасаганга шектелүүдө.

2020-жылдын 22-декабрында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын 48 жаштагы А.М.Б. аттуу тургуну үйүнө белгисиз жарандар мыйзамсыз кирип, ашканасында илинип турган “LG” үлгүсүндөгү 36 миң сомдук түстүү сыналгысын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факт Кара-Суу РИИБинин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмыштын бетин ачуу боюнча Кара-Суу РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тийиштүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүлөрдүн изине чыгышкан.

Кармалган шектүүлөрдүн экөөсү жашы жете элек болгондуктан үй камагына чыгарылып, 27 жаштагы К.у.С. 2021-жылдын 31-январь күнү Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 2021-жылдын 2-февралында К.у.Сга карата бөгөт коюу чарасы каралып, Кара-Суу райондук сотунун чечими менен 2021-жылдын 28-февралына чейин камакка алынган.

Учурда К.у.С. Кара-Суу районунун аймагында беш уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталган жана тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий