• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Суу районунда жаңы мечит курулду, ичине 5 миң адам батат

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында чоң мечит курулду, ичине 5 миң адам батат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мечиттин ачылышына Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, дин кызматкерлери жана район тургундары катышты.

Кара-Суу районунун баш имам-хатиби мечитке райондук хатибияттын атынан 10 даана ыйык Куран китебин белек кылып, дайыма окулуп турсун деп тилек кылды.

"Аталган саамалыкта радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча сөз козголуп, ислам дини чектен чыгууга каршы экени айтылды", - деп кошумчалашты муфтияттын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий