• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Суу районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы А.Султанов атындагы №39 мектептин окуу корпусунун курулушу бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу 2015-жылы башталган.

Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпусунан жана спорттук залдан турат. Жалпы аянты 1687,4 чарчы метрин түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кабаттуулугу 275 окуучу орунга эсептелген.

Бүгүнкү күндө объект пайдаланууга берилип, окуу процесси толук кандуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 39 млн 779 миң 160 сомду түзөт. Быйылкы жылы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн 20 млн 438 миң 600 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий