• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды

Аймак 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды.

Ош облустук милициясынын маалыматына караганда, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн жарандарды аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Кара-Суу районунун Савай айылынын 43 жаштагы З.О., аттуу тургуну кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө анын жанынан эки даана ок атуучу курал жана граната алынган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалган, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий